Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Бөжөйлүктөргө акысыз көмүр берилди


Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан тышкы дүйнө менен байланышсыз калган Бөжөй айылы үчүн 22 тонна көмүр Бел айылына түшүрүлдү. Өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Мамажан Бердишевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Белден ары бөжөйлүктөр өздөрү ат менен ары ташып кетишүүдө. Катчынын айтымында, айылдагы тамак-аш, күйүүчү май маселелери чечилген. Медициналык кызматкерлер нөөмөт менен жергиликтүү тургундардын ден соолугуна көз салып турушат.

Баткен районунун Бөжөй айылы өлкөнүн башка жагы менен Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу гана байланыша алат. Айылда уюлдук байланыш тартпайт. Бөжөйдө 300 чамалуу кожолук бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG