Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Сох: Барымтадан бошотулгандар моралдык чыгаша төлөнүүсүн талап кылышууда


Алар барымтага алынган учурда ден соолугуна келтирилген залал үчүн, саламаттыгын оңдоого керек болуучу каражатты Өзбекстан төлөп бериши керек деп эсептешет. Мындай мазмундагы кайрылууну барымтада кордук көргөн тогуз жаран Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин дарегине жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чарбак айылынын тургуну, 6-январь күнү сохтуктар тарабынан күч менен барымтага алынган Жумабай Акматов билдирди.

Кайрылууга кол койгондор барымтада кармалып турган учурда жеген токмоктун кесепетин дарылоо үчүн узак убакыт жана көп каражат керек болорун белгилеп, дарылануу үчүн өзбек тарап 500 миң сом төлөп берүүсүн талап кылышууда.

Буга чейин өзбек тарап Сох жаңжалында келтирилген материалдык чыгымдардын бир бөлүгүн, тагыраак айтканда талкаланган машинелер үчүн 56 миң доллар төлөп берген.

5-январда Баткендин Чарбак айылындагы чек ара тозотуна электр мамыларын орнотуудан тутанган жаңжалдын натыйжасында Чарбак айылынын бир топ тургуну коңшулаш Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары тарабынан барымтага алынып, айыл электр жарыгысыз, ичүүчү суусуз калган.

Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтып чыккан. Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарылганын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG