Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:14

Чехияда кыргыз тарыхы тууралуу китеп жарык көрдү


Петр Кокайсл, Амирбек Усманов “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” (китептин мукабасы)
Петр Кокайсл, Амирбек Усманов “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” (китептин мукабасы)
Прагада чех тилинде жарык көргөн “Кыргызстандын тарыхы - күбөлөрдүн көзү менен” деген аталыштагы китептин авторлору: Борбор Азия боюнча чехиялык таанымал адис, Табигый илимдер университетинин доценти, маданий жана социалдык антропология боюнча доктор Петр Кокайсл жана “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Амирбек Азам уулу Усманов.

Авторлор тарыхый эмгегинин бет ачарында белгилешкендей, китептин максаты - окурмандарга “улуу” тарыхка катарлаш “кичүү” тарых да жүрөрүн, ал адамдардын, алардын туугандары менен үйбүлөлөрүн тагдырын камтый тургандыгын көрсөтүү.

Аталган китепте Кыргызстандын 1917-1937-жылдардын аралыгындагы тарыхы, 1930-жылдардагы сталиндик репрессияга дуушар болгондордун урпактарынын баяндары, архивдик документтер, фотосүрөттөр камтылган. Ага катар Чехиянын “Интергельпо” кооперативинин өткөн кылымдын 20-30-жылдары Кыргызстанда жүргүзгөн иши да баяндалат. (UE)

XS
SM
MD
LG