Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Чүйдө өрт кырсыгында бир адам мерт болду


Чүйдө өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн алып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарынын Белоброва көчөсүндөгү №6 үйдөгү батирлердин биринде кечээ, 22-январда кечинде өрт чыккан. Ичиндеги эмерек, төшөнчү күйгөн. Өрт чыккан жерде 34 жаштагы Руслан Дадабаевдин сөөгү табылган. Адистердин алдын ала айтымында, кырсыкка электр жабдууларын пайдалануудагы этиятсыздык жана эреже бузгандык себеп болгон.

Өткөн суткада Кыргызстандын аймагында жалпысынан 11 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG