Кыргызстандагы азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы психоневрологиялык жатак үйгө гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты. Кийим-кечек тартууланып, сый тамак уюштурулду.
Аталган мекемеде психоневрологиялык жактан сыркоологон 215 аял дарыланат. Аларды 90го жакын кызматкер тейлейт, 6 дарыгер иштейт.
Азербайжан тобунун мындан аркы кайрымдуулук акциясы Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаторийинде жана Караколдун балдар үйлөрүндө уланат. (MK/RK)