Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Транзит борбор өспүрүмдөр китепканасында оңдоо иштерин жүргүздү


"Манас" аба майданындагы Транзит жүк ташуучу борбор Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы өспүрүмдөр жана балдар китепканасынын даараткана жана кол жуучу бөлмөлөрүн оңдоп берди. Бул тууралуу бүгүн аталган борбордон кабарлашты. Бүт сантехникасы жаңыланып, каалгалары жана полундагы карапа такталар алмаштырылды. Жалпысынан 10 миң доллардай акча сарпталды.

Транзиттик жүк ташуучу борбор өз эсебинен Чүйдөгү жана Бишкектеги бир катар социалдык объекттерди жаңылоого, оңдоого каражат бөлүп келатат.

Өспүрүмдөр китепканасында жасалган иштин ийгиликтүү аякталышына байланыштуу салтанатту иш-чара 24-январда өтмөй болууда. Ага Транзит борбордун директору Кори Мартин да катышат.(RK)

XS
SM
MD
LG