Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Чоң-Алайда бир малчынын 35 мал жандыгы кырылып калды

Чоң-Алай районунда бир малчынын 35 баш малы бүгүн эртең менен кырылып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, Чоң-Алай айыл аймагындагы Жаш-Тилек айылында Ш.Иманкулов аттуу жаранга таандык сарайда көң күйүп кетип, андан чыккан газга 31 кой-эчки, 3 бодо мал жана 1 эшек өлгөнү кабарланууда. Көңдүн күйө башташына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG