Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Лавров: Москва Сирияда эч кандай геосаясий максатты көздөбөйт


Орусиянын тышкы иштер министри Сирия оппозициясын өлкөдөгү ич ара согушту токтотконго бөгөт койууда деп сындады. Сергей Лавров Москвада шаршемби күнү болгон маалымат жыйынында: "Баары барып, оппозиционерлердин Башар Асаддын режими кулаш керек деген идеяга бекем байланып алганына такалат. Оппозиция бул катуу позициясын өзгөртмөйүнчө эч кандай жакшылык болбойт,”- деди.

Лавров оппозициянын бул туруму үчүн “бир нече Батыш мамлекеттери менен Жакынкы Чыгыштын бир нече мамлекети жооптуу" деп, жалгыз Орусия - Сирия оппозициясын сүйлөшүүгө көндүргөнгө аракет кылганын кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, Сириядагы чатакты жөндөөдө Орусия эч кандай геосаясий максатты көздөбөйт жана Москванын көздөгөнү эле “абалды стабилдештирүү, кан төгүүлөрдү токтотуу жана Сирия элинин өмүрүн сактоо”.

XS
SM
MD
LG