Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Акыйкатчы шайлоонун экинчи туруна эки талапкер чыкты


Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоонун экинчи туруна эки талапкер чыкты. Алар - Турсунбек Акун жана Турсунбай Бакир уулу. Биринчи турда ал экөөнө тең 20 добуштан тийди. Ушу тапта экинчи тур өтүп жатат.

Биринчи турга 16 талапкер катышкан. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Азиза Абдирасуловага 1 макул, каршы 75, Турсунбек Акунга 20 макул, 56 каршы, Темирбек Арымбаевге 1 макул, каршы 75, Ашыркул уулу Токторбекке макул 2, каршы 74, Бакир уулу Турсунбайга 20 макул, 56 каршы, Дмитрий Кабакка 4 макул, каршы 72, Марат Кайыповго макул 8, каршы 68, Маматурайым Момуновго макул 13, каршы 63, Акылбек Сариевге макул 5, каршы 71, Иса Токоевге макул 2, каршы 74 жана Акин Токталиевге да макул 2, каршы 74 добуш тийди.

Ал эми Нурдин Сулайманов, Айчүрөк Тазабекова, Токтокан Боромбаева, Элмира Мырзабекова жана Чолпон Койчумановага баары каршы добуш берди. (RK)

XS
SM
MD
LG