Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Токтогул: Депутаттардын жыйыны жабык өттү


Токтогул шаардык мэриясынын байкоочулар кеңешинин үч мүчөсү шаардык кеңештин уюштуруу сессиясына катыша алган жок. Буга район акими Үсөн Шабдановдун аларды “залдан чыгып кеткиле!” дегени себеп болгонун аймактагы кабарчыбыз бүгүн билдирди. Сессия 22-январда жабык өттү.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Токтобү Мундузбаеванын айтымында, шайлоого байкоо салууга атайын жоболор уруксат берээрин жана шайлоо ачык өтүүсү зарылдыгын түшүндүргөнүнө аким кулак салган эмес. Ошондуктан шаардык кеңештин президиуму менен анын төрагасын шайлоо жабык өттү.

Аким Үсөн Шабданов райондогу айыл кеңештер менен Токтогул шаардык кеңешинен жыйналган 190 депутат уюштуруу ишин жабык кароо тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ага тиешеси жок адамдардын жыйынга катышууга укугу болбогонун билдирди.
(YA/RK)

XS
SM
MD
LG