Иран өзүнүн ядролук программасы боюнча эл аралык сүйлөшүүнүн келерки айлампасы Каирде өтүш керек деп санайт. Өкмөттүк ИРНА агенттигинин маалымдашынча, Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салихи сүйлөшүүнүн Каирде өткөрүүнү Египет колдогон жана азыр ал боюнча АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия менен масилет жүрүүдө.
Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен аталган алты өлкөнүн акыркы сүйлөшүүсү июнда Москвада болгон.
Батыш мамлекеттери Иран атомдук куралдын үстүнөн иштөөдө деп кооптонот. Тегеран өз кезегинде уранды тынчтык максатында гана байытканын айтып келет.