Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстан Сохко гумжардам алып өтүүдө коопсуздук камсыз кылууга даяр


Өзбекстан Кыргызстандын ичинде жайгашкан Сох анклавына гуманитардык жардамын эркин алып өтө алат. Буга макулдук берилгенин "Азаттыкка" бүгүн өкмөттүн Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Гуманитардык жардамды Кыргызстан аркылуу алып өтүүдө коопсуздук камсыз кылып бергиле деген өтүнүч менен өзбек тарап мурда кайрылганы айтылууда. 21 КАМАЗ качан жана кайсы өткөрмө бекеттен өтөөрү азырынча белгисиз. Гуманитардык жардам негизинен азык-түлүктөн турат.

5-7-январда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдан кийин Сох анклавынын тегерегиндеги чек ара бекеттер жабык турат. (JsA/RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG