Кыргызстанга тиешелүү тик учак Өзбекстандын аба мейкиндигин бузбаганы тууралуу маалыматты Чек ара кызматы таратты. Анда айтылгандай, айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын аскердик-аба күчтөрүнүн тик учагы Өзбекстандын аба мейкиндигин бузду деп жазып чыгышканы чындыкка дал келбейт. Кыргызстандын чек ара кызматы тактагандай, гуманитардык жардам жүктөлгөн МИ-8 тик учагы менен 15-январь күнү Баткендин Бөжөй айлына тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек жеткирилген. Ал тик учак аскердик аба күчтөрүнө эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тийиштүү болгон, ошондой эле анын багыты Кыргызстандын аймагында эле болгон, Өзбекстандын чек арасын да, аба мейкиндигин да бузуу болгон эмес деп айтылат маалыматта.
6-январда Сохто болгон чатактан кийин аймактагы чек ара бекеттери жабылган. Андан улам жол-транспорттук байланыш Сох анклавы аркылуу өткөн Бөжөй айылы тыш дүйнө менен байланышсыз калган.(ZKo)
6-январда Сохто болгон чатактан кийин аймактагы чек ара бекеттери жабылган. Андан улам жол-транспорттук байланыш Сох анклавы аркылуу өткөн Бөжөй айылы тыш дүйнө менен байланышсыз калган.(ZKo)