Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Кэмерондун сөзү саясый чөйрөлөргө жакпады


Евросоюздун лидерлери британ премьер-министри Дэвид Кэмерондун Биримдикти радикалдуу реформалоо талабына жана өлкөнүн Биримдмикке мүчөлүгү боюнча референдум өткөрөм деген сөзүнө тынчсызданууларын билдиришти. Германиянын канцлери Ангела Меркел Евробиримдик жана Британия мунсага барыш керек десе, Франциянын премьер-министри Пьер Московиси Биримдикке мүчөлүк укукка катар жоопкерчилик да экенин Британиянын эсине салды.

Кэмерондун сөзүнү Британиянын өзүндө да сындашты. Оппозициядагы Лейбористтик партиянын лидери Эд Милибанд Кэмерондун референдум өткөрүү идеясын колдобосун, анткени бул өлкөдө ишенбөөчүлүктү жаратарын айтты.

Өткөн аптада президент Обама Кошмо Штаттар Британия менен Евробиримдиктин кубаттуу болгонуна кызыкдар экенин Кэмеронго билдирген.

XS
SM
MD
LG