Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Бөжөйдүн бир тургуну тик учак менен Ошко апкелинди


Айы-күнүнөн эрте толгоосу келип калган келинди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тик учак менен Ош шаарына алып келишти. Министрликтен маалымдашкандай, кечээ Баткендеги өкмөттүн өкүлү эрте башталган толгоодон улам өмүрү коркунучта турган келинди төрөт үйүнө жеткирүүнү өтүнүп кайрылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Ош шаардык төрөт үйүнө жаткырылган келиндин саламаттыгы жакшы.

Баткендин жол каттамы Сох анклавы аркылуу өткөн Бөжөй айылы 6-январдагы чатактан улам жол жабылгандан бери Кыргызстандын башка аймактары менен байланышсыз калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG