Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Иранда кинорежиссер Бероуц Гобади түрмөдөн чыгарылды


Ал Эл аралык мунапыс уюмунун Иран бийликтерине койгон талабынан кийин эркиндикке чыкты. Уюмдун шаршембиде жарыялаганы боюнча Гобади 2012-жылдын 4-ноябрынан бери камакта болчу. Бероуц эл аралык деңгээлде таанымал кинорежиссер жана бозгунда жүргөн оппозицонер Баман Гобадинин кичүү иниси. Бероуц “улуттук коопсуздукка каршы иш-аракеттир үчүн” айыпталган, үй-бүлөсү болсо анын эч качан саясатка аралашпаганын белгилеп келет.

Эл аралык мунапыс уюму Бероуц Гобадинин кармалышы “Иран бийлигине каршы өз пикирин айткандарга чабуулдун” катардагы бир көрүнүшү деп эсептейт. Кинорежиссерду камактан чыгаруу үчүн Голливуддун таанымал жылдыздары салым кошкону да кабарланууда.

XS
SM
MD
LG