Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Азербайжанда демонстранттар автоунааларды жана мейманкананы өрттөштү


“Азаттыктын” кабарчылары аларды токтотуу үчүн бийлик шаршембиде кошумча полиция жибергенин маалымдашты. Бакудан 150 чакырым аралыкта турган Исмайили шаарында көчөгө чыккандар губернатор Низами Алиакбаровдун кызматтан кетишин талап кылышты. Маалыматтарга ылайык, нааразылык “Чырак” мейманканасынын башчысы тарабынан жасалган автокырсыктан улам келип чыккан. Демонстранттар “сойкуканага айланып калган мейманкананын ишин токтотуу” тууралуу мурда коюлган талаптардын аткарылбаганын белгилешип, мейманкананы жана анын короосунда турган автоунааларды өрттөп жиберишти.

Бул акыркы эле жумада Азербайжанда катталган экинчи нааразылык толкуну. Өткөн ишембиде ири соода борборундагы дүкөнчөлөрүн ижара акысы кымбаттатылуусуна нааразы болгон соодагерлер чон жолду буушкан.

XS
SM
MD
LG