Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Чек ара кызмат башчысынын орун басарлары алмашты


Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрага орун басарлары алмашты. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Наркул Байдулетов орун басарлык кызматтан бошоду. Ал эми Искендербек Мамбеталиев төраганын биринчи орун басары болуп дайындалды. Ошондой эле ал Башкы штабды да жетектейт. Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына ошондой эле Райымберди Дүйшембиев жана Акылбек Арстанбеков дайындалды.

18-январда Чек ара кызматынын төрагалык кызматынан Закир Тиленов бошотулуп, анын ордуна буга чейин Жогорку Кеңеште депутат болуп иштеген Токон Мамытов дайындалган болчу.

5-7-январда кыргыз-өзбек чек арасында чатак чыгып, отуздай кыргызстандык жабыркаган. Бул маселени жана жалпы эле чек ара коопсуздугун Жогорку Кеңеш өткөн аптада эки күн бою жабык талкуулаган. (RK)

XS
SM
MD
LG