Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Сосновка постунда 30дай оор жүк ташуучу унаа топтолуп турат


Ушу тапта Бишкек - Ош унаа жолунун Сосновка постунда республиканын түштүк аймагы тарапты көздөй өтө албай 30дай оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында "Республика" фракциясынан депутат Назарали Арипов билдирди. Ал жакка өзү барып келгенин, айдоочулар кыйналып жатканын, өкмөттөн жардам сураганын айтты.

Унаа жана байланыш министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, 30га жакын унаа топтолуп турганы чын. Бирок алар ташыган жүгү 32 тоннадан ашпоосу керек деген талапты бузуп жаткандыктан өткөрүлбөйт.

Былтыр Сосновкадагы постко атайын тараза коюлган. Таразага тартуучу кызматкерлердин ишин көзөмөлдөө максатында видеокамера орнотулган. Ал аркылуу он-лайн көзөмөл жүргүзүлүп турат.

Ушу тапта топтолуп турган унаалардын жүгү 35-40 тонна, ичинде негизинен кара май экени айтылууда. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG