Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

"Апрел байрагы" бийликке он талап койду


"Апрел байрагы" коомдук бирикмеси Кыргызстандын президенти, өкмөтү жана парламентине кайрылып он талап койду. Бул талаптар бүгүн Жогорку Кеңештин алдында өткөн митингде айтылды.

Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, ага беш жүздөй киши катышты. Бирок көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, келген кишилердин саны эки жүздүн тегерегинде болду.

Митингчилер электрдин баасын жогорулатпоону, президенттик аппараттын бир катар жооптуу кызматкерлерин иштен алууну, Кумтөр боюнча келишимди кайра кароону, апрел окуясы боюнча сотту үзгүлтүккө учуратпай, соттолуучуларды үй камагына чыгарууну токтотууну жана мамлекеттик чек араны тактоо иштерин аягына чыгарып, апрел окуясы учурундагы талап-тоноочулук боюнча ишти териштирүүнү аяктоо талабын койду.

Бул талаптарды аткарууга бийликке 6-февралга чейин убакыт берилди. Эгер аткарылбаса, мөөнөтсүз нааразылык акциялар жер-жерлерде өтөөрү айтылды.

Бийлик тараптан митингдин катышуучуларына президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов чыгып, айтылган талаптар өлкө жетекчилигине жеткирилээрин айтты.

"Апрел байрагына" 2010-жылдын апрел окуясында жабыркагандар кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG