Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Өкмөт Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын талкуулады


Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн жыйынында Кумтөр алтын кенин иштеткен компания менен Кыргызстандын мындан аркы мамилеси талкууланды. Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусу талкууланып, жактырылды. Эми бул документ парламенттин кароосуна жиберилип, тиешелүү чаралар көрүлөөрүн "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия былтыр түзүлгөн. Анын курамына бир катар депутаттар, министрлер, коомдук уюм өкүлдөрү кирген.

Корутундуда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганы, ал бир катар мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат.

Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Комиссиянын айтымында, жаңы келишимде экологияга келтирген зыян үчүн компания жылына Кыргызстанга төлөп жаткан 310 миң доллар аз, бул сумманы кайра карап чыгып көтөрүш керек. Андан тышкары келишимде рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар камтылып, салык жана башка төлөмдөр Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүрүшү керектиги белгиленген.

Эгер жогоруда аталган шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу жана "Центерра Голддун" башкаруучулары менен жетекчилерин эл аралык сотко берүү боюнча кадамдарга баруу керек деп сунушталган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG