Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

АКШ мамкатчылыгына талапкер Жон Керри тышкы саясатты жакшыртууну убада кылууда


Мамлекеттик катчылыкка президент Обама тарабынан сунушталып жаткан 69 жаштагы сенатор Жон Керри тышкы саясатты “учкучсуз учагы жана аскердик аракеттери жок эле” жакшыртууга болорун айтты. Бейшембиде Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетинде сүйлөгөн кезинде өзөктүк программасына каршы Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылчылыгын айтты:

- Биз өзүбүздүн да өзөктүк куралга каршы экенбизди эске алып, Ирандын өзөктүк программасы маселесин чечүүбүз керек. Президент Ирандын өзөктүк курал жасоосуна каршы аракетти күчөттү. Мен кайталар элем: биздин саясат кесепетти жоюучу эмес, алдын алуучу саясат болуш керек.

Керри өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү менен АКШнын дүйнө жүзүндөгү ордун бекемдөөгө болорун эскертти. Ошондой эле ал Орусия менен мамилени жөнгө салуу ниетин да билдирди.

XS
SM
MD
LG