Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Мумбайга террордук чабуул жасаган америкалык жаран 35 жылга кесилди

АКШнын теги пакистандык жараны, 2008-жылы Индиянын Мумбай шаарына болгон террордук кол салуулардын уюштуруучуларынын бири Америкада 35 жылга эркинен ажыратылды. Дэвид Коулман Хэдли өзүнүн пакистандык согушчандар үчүн керектүү маалыматтарды чогултуп жүргөнүн 2010-жылы мойнуна алган. Ошондой эле өзүн Индияга өткөрүп бербөөнү суранган. Анткени өткөн жылы Индияда Мумбайга кол салган пакистандык согушчан Аймал Касаба дарга асылган.

2008-жылы пакистандык согушчандар Мумбайды үч күн коогага салган чабуулда 166 адам өлгөн.
​
XS
SM
MD
LG