Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Сохко гумжардам үчүн жол ачылды


Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги Сох анклавына жана Шахимардан айылына гуманитардык жардам алып өтө баштады.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, ушул тапта Өзбекстандын Фергана шаары менен Кыргызстандын Пүлгөн айылы чектешкен жердеги Водил өзбек өткөрмө бекетинен оор жүк ташыган 47 унаа чыга баштады. Аларга негизинен азык-түлүк жана башка күнүмдүк турмуштагы керектелчү нерселер жүктөлгөн.

5-7-январда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдан кийин Сохтун тегерегиндеги чек ара бекеттердин баары эки тараптан тең жабылган болчу.

Баткен облусу эгер өзбек тарап Кыргызстандын территориясы аркылуу өз элине гуманитардык жардам алып өтөм десе каршы болбосун, коопсуздугун камсыз кылып берүүгө даяр экенин айткан болчу.

Буга чейин Сохтогу май куюучу бекеттерде күйүүчү май калбай калганын, анын литри 3000 сумдан сатылып жатканы маалымдалган.

Өзбекстандагы Барак анклавынын тургуну Полот Оморов айылда электр жарыгы жоктугун, элде көмүр калбаганын “Азаттыкка” кабарлаган.

Чек аралардын жабылуусунан 60 миң калкы бар Сох анклавындагы жана 300 чамалуу кожолук жашаган Барак анклавындагы карапайым калк жабыр тартып жатат. Эки жакта тең тамак-аш, дары-дармек, отун-суу тартыш болуп жатканы айтылууда.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.

(JsA/RK)

XS
SM
MD
LG