Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Башкаруучу коалиция Кумтөр боюнча комиссиянын иш жыйынтыгын талкуулады


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен”, КСДП жана “Ар-Намыс” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалициянын жыйынында Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын иш жыйынтыгы талкууланып, жактырылды. Комиссиянын ишине оң баа берилди. Парламенттин тиешелүү комитеттеринин биргелешкен чечиминин негизинде токтом долбоорун даярдоо сунушталды. Эми бул документ жалпы парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Корутундуда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганы, ал бир катар мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат.

Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Комиссиянын айтымында, жаңы келишимде экологияга келтирген зыян үчүн компания жылына Кыргызстанга төлөп жаткан 310 миң доллар аз. Бул сумманы кайра карап чыгып көтөрүш керек. Андан тышкары келишимде рекультивация иштерин азыркыдай кыргыз тарап эмес, ишкана өзү жүргүзсүн деген талаптар камтылып, салык жана башка төлөмдөр Кыргызстандын азыркы мыйзамдарынын негизинде жүрүшү керектиги белгиленген.

Эгер жогоруда аталган шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу жана "Центерра Голддун" башкаруучулары менен жетекчилерин эл аралык сотко берүү боюнча кадамдарга баруу керек деп сунушталган.

Буга чейин өкмөт комиссиянын жыйынтыгын жактырып, “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча топ түзүү тууралуу токтом кабыл алган.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG