Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Украина сланец газына байланыштуу ири келишим түздү


Келишимге кол коюлган кезде. Давос, 24-январь, 2013-жыл.
Келишимге кол коюлган кезде. Давос, 24-январь, 2013-жыл.
Royal Dutch Shell компаниясы менен түзүлгөн келишимдин акчалай наркы кеминде 10 миллиард доллар болот жана бул өлкөгө салынуучу эң ири чет элдик инвестиция катары каралууда. Келишимге украин президенти Виктор Януковичтин катышуусунда Давосто, Дүйнөлүк экономикалык форум учурунда кол койду. Келишимге ылайык, Royal Dutch Shell компаниясы Украинанын чыгышындагы Юзовск кенин өздөштүрөт. Ал жерде сланец газынын 1,2 триллион куб метр кору бар деп болжолдонууда. Бул -сланец газынын Европадагы үчүнчү ири кору болот.

Экологиялык уюмдар газдын бул түрүн өздөштүрүүдө колдонулган химиялык заттар айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизерин айтышса, газ жана мунай компаниялары мындай ырастоолорду четке кагат. (UE)

XS
SM
MD
LG