Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Чехияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Шайлоо бекеттери бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00до ачылып, добуш берүү эртең ушул убакытка чейин созулат. Жеңүүчү эртең кечинде белгилүү болуп калат.

Президенттик кызматты бул ирет мурдагы премьер-министр, кезинде Кыргызстанга иш сапары менен барган Милош Земан жана учурдагы тышкы иштер министри, “ТОП09” партиясынын лидерлерин бири Карел Шварценберг талашууда. Алгачкы айлампада Земан биринчи, Шварценберг экинчи болуп чыккан.

Чех президенти үчүн алгачкы ирет жалпы эл добуш берүүдө. Буга чейин мамлекет башчысы парламент шайлачу. Азыркы президент Вацлав Клаустун мыйзамда көрсөтүлгөн эки мөөнөтү аяктады. (UE)

XS
SM
MD
LG