Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Атамбаевдин сотко көрсөтмө берүүсү талап кылынууда


Президент Алмазбек Атамбаев "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлеринин сотуна келип көрсөтмө берүүсү керек. Мындай талапты бүгүн соттолуучулардын адвокаты Икрамидин Айткулов сот алдына койду.

Адвокат депутат Камчыбек Ташиевди психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрүү демилгесине президенттин да тиешеси бар деп эсептейт.

Сот бул өтүнүч боюнча жообун кийинки отурумунда айтмай болду.

Ошондой эле "Атажуртчу" лидерлердин сотун мындан ары ар жуманын бейшемби жана жума күндөрү өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Соттолуучу тарап бүгүн кийинки отурумдарга күбө катары баш прокурор Аида Салянованы жана анын мурдагы орун басары менен тергөөчү топтун башчысын да чакыруу өтүнүчүн келтирип, сот аны канааттандырды.

Алмазбек Атамбаевге байланыштуу адвокаттардын өтүнүчү боюнча мамлекет башчы тарабынан азырынча эч комментарий боло элек. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG