Бүгүнкү добуш берүүдө Федералдык мыйзамдын долбоорун Мамлекеттик Думанын 388 депутаты колдоду, бирөө калыс болду, бирөө каршы чыкты.
Биринчи окуудан жактырылган документ гомосексуализмди жашы жетелектер арасында үгүттөгөн жеке адамдар менен юридикалык жактарды айып пул менен жазалоону карайт. Мындай мыйзам буга чейин Орусиянын айрым аймактарында кабыл алынган эле.
Москванын полициясы бүгүн Дума имаратынын сыртынан кумсалардын укугун коргоочулардын кеминде 20дайын кармап кетти жана муну нааразылык акциясына күн мурунтадан уруксат алынбаганы менен түшүндүрдү. Кармалгандардын бири - журналист Елена Костюченко:
- Албетте полиция Мамлекеттик Дума тарапта болду. Полициянын унаасында мыйзамга каршы чыккандар, ЛГБТ активисттер гана отурат. Биздин арабызда фашисттер же православ активисттер жок.
Мамлекеттик Дума имаратынын сыртында кумсалардын укугун коргоочулар оппоненттери – православ активисттер жана полиция менен кагылыша кетишкен. (UE)