Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев билдирди. Анын айтымында, вагондордун 300дөйү Кыргызстан тарапта, 400дөйү Өзбекстан тарапта топтолгон. Кыргызстандан Өзбекстанга кетүүчү вагондордун 45инде жүк бар.
- Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга кире албай турган вагондордун ичинде курулуш материалдары бар. Экинчиден, Казакстан менен Орусиядан келип жаткан буудай, анан негизинен күйүүчү-майлоочу май. Өзбекстан тарапта турган вагондордун 170тейинде ГСМ бар.
Аргынбек Малабаев темир жолдогу өткөрмө бекеттердин алты күндөн бери жабык турушу саясий маселе экендигин кошумчалады. Өзбекстан темир-жолдогу төрт: Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Жалал-Абад жана Шамалды-Сай өткөрмө бекеттерин апта башынан тарта жапкан.
Чек ара кызматы билдиргендей, алардын бири - Кара Суу бекетинин жабылышы техникалык себептерге байланыштуу деп чечмелеген. Калгандары боюнча түшүндүрмө берген эмес.
Темир жолдогу өткөрмө бекеттер буга чейин акыркы ирет, 2010-жылы түштүктөгү улут аралык жаңжал учурунда жабылган. (EBM/UE)