Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Байконур боюнча Казакстандын Орусия менен талашы жок

Сергей Лавров жана Ерлан Идрисов. Москва, 25-январь, 2012-жыл.
Сергей Лавров жана Ерлан Идрисов. Москва, 25-январь, 2012-жыл.
Бул тууралуу казак тышкы иштер министри Ерлан Идрисов Москвадагы басма сөз жыйында билдирди:

- Байконур космодрому биздин жалпы байлыгыбыз. Биздин жалпы милдетибиз - аны өнүктүрүү жана бул маанилүү технологиялык комплекстин иштөөсүнөн эки тарап үчүн дивиденттерди көбөйтүү.

Казак тышкы иштер министри Байконурдан улам Казакстан менен Орусия чатакташып жатат деген кеп-сөздөрдү ушак деп атады.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эки ортодо кандайдыр бир талаш жоктугун, "чымындан пил жасагысы" келгендер бардыгын белгиледи. (UE)
XS
SM
MD
LG