Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Атамбаев кыз ала качууга жазаны күчөтүүнү колдоду


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, кыз ала качкандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш былтыр жыл этегинде, 20-декабрда кабыл алган болчу. Жергиликтүү укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 10 миңдей кыз ала качуунун курмандыгы болот жана өз жанын өзү кыйган учурлар да кездешет. Мындай жол менен үй-бүлө кургандардын басымдуу бөлүгүнүн оту күйүшпөй ажырашып кетет.(EBM)

XS
SM
MD
LG