Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Казакстанда мунайчылар иш таштады


Ишемби күнү Казакстандагы «СиБу» бургулоо ишканасынын 800дөн ашуун мунайчылары иш таштоо акциясын уюштуруп, маяна менен башка кошумча төлөмдөрдү көтөрүүнү талап кылышты.

Нааразылык акциялары Мангыстау облусунун башка бир нече мунай-газ чыккан жерлеринде болду. Бул тууралуу “Интерфакс" агенттигине акциянын катышуучулары билдирген. Жумушчулар 1 ай мурун өз талаптарын билдирген катты ишкананын жетекчилигине тапшырганы менен жооп болгон эмес.

1 жыл мурун Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылар менен полиция кагылышканда 16 кишинин өмүрү кыйылган эле.

XS
SM
MD
LG