Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Апрель окуясынын жабырлануучулары митингге чыгат


“Мекен шейиттери” бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Апрель окуясынын жабырлануучулары 30-январда Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыкканы жатат. Алар Апрель окуясы боюнча сот ишинде айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан чыгарылышына, азыркы бийликтин айрым кадрдык дайындоолоруна жана электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча өкмөттүн чечимине нааразылыгын билдиришмекчи.

Өткөн жумадагы сотто камактагы айыпталуучулардын бири Данияр Дунганов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган эле. Соттун бул чечиминен соң жабырлануучулар ушул себептен акыркы соттук териштирүүгө катышуудан баш тартышкан. Осунбек Жамансариевдин айтымында, жабырлануучулар бүгүнкүгө белгиленген соттук отурумга катышууну чечишти.

2010-жылдын 7-апрелинде куралсыз элге ок аткан деген айып менен мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон отузга чукул киши соттолууда. Алардын ичинен камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаев гана отурат. Өлкөдөн качып кеткендери сыртынан соттолуп жатса, айрым айыпталуучулар ар кандай себеп менен үй камагына чыгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG