Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Бүгүн Кыргызстандын он шаарында мэр шайлоо өтөт


Бүгүн Кыргызстандын 10 шаарында жана 65 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийликтин башчыларын шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат катчысы Токтоболот Жумалиев билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Кара-Балта, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Чолпон-Ата, Талас Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында шайлоо өтөт.

Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары өткөн жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан шайланат. Депутаттар бир канча коалиция түзүп, талапкерлерди сунушташат. Көпчүлүк депутаттардын добушун алган талапкер мэрликке жана айыл өкмөт башчылыгына шайланат. Алардын иштөө мөөнөтү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү менен бирдей болот.

БШКнын жыл башындагы чыгарган токтомуна ылайык, 28-январдан 2-февралга чейин Кыргызстандын 20 шаарында жана 251 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийликтин башчылары шайланат.(BkA)

XS
SM
MD
LG