Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Апрел соту белгисиз мөөнөткө жылды


“Мекен шейиттери” бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” айтымында, соттун жылышына айыпталуучулардын бири Данияр Дунгановдун келбей калганы себеп болгон. Андан сырткары жаңы шайланган сот антын бере элек.

Өткөн жумадагы сотто айыпталуучулардын бири Данияр Дунганов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган эле. Дунгановдун бүгүнкү сотто эс-учун жоготуп жыгылганы кабарланууда. Бирок Жамансариев Дунгановду бүгүнкү сот териштирүүсүндө көрбөгөнүн билдирди.

2010-жылдын 7-апрелинде куралсыз элге ок аткан деген айып менен мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон отузга чукул киши сотко тартылууда. Алардын ичинен камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаев гана отурат. Өлкөдөн качып кеткендери сыртынан соттолуп жатса, айрым айыпталуучулар ар кандай себеп менен үй камагына чыгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG