“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Баткенде мэр шайлоо эки тур менен өттү. Көпчүлүк добушка бир да талапкер ээ болгон жок. Экинчи турга чыккан “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Абдыгапар Матказиев тогуз, “Замандаш-Современник” партиясынан талапкер Мамыржан Рахимов 15 добуш алды. Депутаттардын жетөө эки талапкерге тең каршы добуш берген.
Шаардык кеңеште 31 депутат бар. Мэр болчу адам анын көпчүлүгүн, 16 добушун алышы керек болчу.
Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, мэр шайланбай калган аймактарга БШК шайлоо мөөнөтүн 3 күндүн ичинде кайра белгилеши керек. (КЕ)