Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Баткенде 3 күндүн ичинде мэрди шайлоо дайындалат


Экинчи турга чыккан “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Абдыгапар Матказиев 9, “Замандаш-Современник” партиясынан талапкер Мамыржан Рахимов 15 добуштан алды. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын аз дегенде 16сынын добушун алган талапкер мэр болуп шайланмак. Шайлоо мөөнөтү 3 күндүн ичинде кайра белгилениши керек.

Ал арада Сүлүктүдө "Бүтүн Кыргызстандын" өкүлү, Кызыл-Кыяда Социал-демократтар менен "Ата-Журт" партияларынын бирдиктүү талапкери, ал эми Кара-Балтада СДПКнын өкүлү мэр болуп шайланганы маалым болду. Бүгүн өлкөдө 12 шаар менен 65 айыл өкмөттөрдүн башчылары шайланууда.

Кыргызстанда алгачкы жолу шаардык кеңешти шайлоого саясий партиялар катышты. Жеңип чыккан партиялардын депутаттары мэрди шайлашат. jch

XS
SM
MD
LG