Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Орусия албаган газы үчүн Украинадан акы доолады


Украинада мамлекеттик Нафтохас ишканасынын маалымат кызматы бүгүн журналисттерге Орусиянын "Газпрому" Киевден алам деп албай койгон газ үчүн жети миллард доллар сурап аткандыгын шардана кылды.

Украиналык көз карандысыз эксперт Олександр Нарбут "Азаттыкка" украин өкмөтүнүн мынча акчасы жок экендигин белгилеп, буларды кошумчалады:

- "Газпром" буга байланыштуу бир катар чараларга бара алат. Стокгольмдогу Арачылык сотуна кайрылышы мүмкүн, Украинага газ берүүнү азайтып, же газ үчүн алдын ала акы талап кыла алат.

"Газпромдун" айтымында, Украина эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишим боюнча сатып алууга милдеттенген жаратылыш газын толугу менен албай койгон. 10 жылдык келишимге 2009-жылы Украинанын ошол кездеги өкмөт башчысы Юлия Тимошенко менен Орусияда ал кезде өкмөттү башкарып турган Владимир Путин экөө кол койгон.

Макулдашуу боюнча Киев жыл сайын 33 миллиард куб метр газ алмак. 2012-жылы Украина 25 миллиард гана куб метр сатып алган. Тимошенко учурда Орусия менен түзүлгөн газ макулдашуусуна байланыштуу өз кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен жети жылга соттолуп, түрмөдө отурат.

XS
SM
MD
LG