Ирандын коргонуу министрлигинин аэрокосмостук бөлүмүнүн бүгүн жарык көргөн билдирүүсүндө айтылгандай, "Пишгам" же Пионер деп аталган чөлмөк ийгиликтүү учурулду. Ракета 120 чакырымдан жогорку бийиктикке чыгып, ичиндеги маймыл менен «аман-эсен» жерге кайтып келди деп айтылат билдирүүдө. Бул кабарга көз карандысыз тастыктоо болгон жок. Тегеран 2011-жылы да космоско маймыл учуруу аракети үзгүлтүккө урураганы кабарланган эле.