Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Москвада киши колдуу болгон мигранттын тек-жайы аныкталды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын “Азаттыкка” билдиришинче, маркум Орусиянын жарандыгын алган, теги кыргызстандык Эрнист Кайназаров болуп чыкты. 27 жаштагы Кайназаров Москвада нан бышырчу ишканада жүк ташыгыч болуп иштеп келген. Анын сөөгү 25-январда денесине бир нече бычак сайылып, эки кулагы кесилген абалда табылган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Быйыл жыл башынан бери Москвада 3 кыргызстандык мигрантка кол салынып, экөө каза тапкан. (AKu\BkA)

XS
SM
MD
LG