Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Египетте кагылыштар уланууда


Өлкөдөгү Суец каналынын боюндагы үч шаарына өзгөчө кырдаал киргизилгенине карабастан демонстранттардын полиция менен кагылышы уланууда. Дүйшөмбү түнү өлкөдөгү Порт-Саид, Исмаилия, Суэц, Александрия шаарларында жана баш калаа Каирде демонстранттар көчөгө чыгышты. Алар коопсуздук күчтөрү менен кагылышканда кеминде 1 адам каза болуп, полициянын эки унаасы өрттөлдү.

Оппозиция болсо президент Мурсинин кризисти талкуулоо үчүн улуттук диалог өткөрүү сунушун четке какты.

Жекшембиде президент Мухаммед Мурси Суэц каналынын боюндагы үч шаарга бир айлык чукул абал киргизген. Бул аймактарда апта соңундагы толкундоолордо 50дөн ашык киши курман болгон эле. Толкундоо Порт Саиддеги былтыркы тополоңдогу кан төгүүгө байланыштуу футбол күйөрмандарынын өлүм жазасы өкүм кылынган соң чыккан.

XS
SM
MD
LG