АКШ Ирандын космоско маймыл учурганы тууралуу маалыматы чындыкка коошсо, анда ал БУУнун резолюциясын бузду деген билдирүү таратты. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд Ирандын космоско маймыл учурганын тастыктаган маалымат жок экенин, бирок Ирандын бул аракети ишке ашса БУУнун резолюциясына каршы келээрин билдирди. Нуланд БУУнун резолюциясында ылайык, баллистикалык ракета менен байланышкан ар бир аракет өзөктүк куралды ташууга жараарын билдирип, Ирандын бул кадамы тынчсыздануу жаратаарын айтты.
Дүйшөмбүдө Иран бийликтери "Пишгам" же Пионер деп аталган чөлмөк ийгиликтүү учурулганы тууралуу билдирүү тараткан. Анда Ракета 120 чакырымдан жогорку бийиктикке чыгып, ичиндеги маймыл менен «аман-эсен» жерге кайтып келди деп айтылат.