Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Тоолуу Карабах чатагы боюнча сүйлөшүү уланды


Тоолуу Карабахтагы чатакты жөнгө салуу үчүн Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Парижде жолукту. Министрлер сүйлөшүүлөрдөн соң жолугушуудан олуттуу жыйынтык чыкпаганын, бирок былтыркы жылдын октябрь айынан соң алгач ирет жолуккан эки тарап тең бул маселе боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдиришти.

Ал ортодо ЕККУнун Минск тобунун алкагында Орусия, АКШ жана Франция бул эки өлкөгө ортомчулук кылууга даяр экенин айтып жатышат.

Калк жагынан армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабах Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Бул аймактын саясий келечеги боюнча андан бери армяндар менен азербайжандар эки башка көз карашты карманып келүүдө.

XS
SM
MD
LG