Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

Баткен: Чарбактыктар чек ара маселесин чечүү кечеңдешине нааразы


Баткен облустук акимчилигинин алдында Чарбак менен Согмент айылдарынын 70тей тургуну ушул тушта митингге чыкты. Кабарчыбыздын билдиришинче, алар “чек ара качан чечилет?”, “Чарбакты ким коргойт?” деген сыяктуу жазууларды көтөрүп турат. Бул айылдын тургундары менен кечээ өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков жолуккан.

5-6-январда Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор ошондон бери жабык. (JsA/EBM)

XS
SM
MD
LG