Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Пакистанда дарыгерлерге кол салуудан полициячы өлдү

Пакистанда элди сарыкка же полиомиелитке каршы эмдеген дарыгерлерге кайра кол салынды. Өлкөнүн түндүк-батышындагы коогалаңдуу Хайбер-Пактунква провинциясындагы Кала кыштагындагы кол салууда дарыгерлерди күзөткөн полиция окко учту. Полициянын маалымдашынча, куралчандар кол салган кезде эки эркек дарыгер менен полициячы үймө-үй кыдырып, балдарды эмдеп жүрүшкөн. Декабрда Пакистанда адамдарды сарыкка каршы эмдеген тогуз дарыгер ушундай кол салуудан набыт болгон. Пакистан, Ооганстан жана Нигерия дүйнөнүн сарык эң көп жайылган өлкөлөрү.
XS
SM
MD
LG