Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Алепподо 65 адамдын сөөгү табылды


Сириянын Алеппо шаарына жакын жердеги дарыяда 65 эркектин жана баланын жасаты табылды. Көтөрүлүшчүлөрдүн жана баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укугуна көз салчу борбордун билдиришинче, алардын колдору артына байланып, башына же желкесине атып өлтүрүлгөн экен. Козголоңчулар бул адамдардын өлүмү үчүн Сирия өкмөтүн жоопкер деп аташты. Адаватчылар беш күндүк аткылашуудан соң Сириянын чалгындоо кызматынын Деир эл-Зор шаарынын жанындагы базасын басып алышканын жана ал жерде кармалып жаткан бир нече адамды бошотушканын кабарлашты. Деир эз-Зор өлкө чыгышындагы Ирактын чек арасына чукул жайгашкан шаар.

XS
SM
MD
LG