Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

190дой ирактык британ аскерлерин сотко берди


Лондондун Жогорку Сотуна британ аскерлери 2003-2008-жылдары бизге ыдык көрсөттү деген 190 чакты ирактыктын адвокаттарынын арызы түштү.

Ирактыктардын ырасташынча, аларды британ жоокерлери уруп-сабаган, уктатпай кыйнаган, секусуалдык ыдык көрсөткөн жана диний жактан кемсинткен. Алар зобун- зордукка абакта отурганда жана британ аскерлери үймө-үй өткөргөн операция кезде кабылган.

Жогорку Сот британ аскерлеринин зобун-зордугу бирин-серин окуябы же кеңири жайылган көрүнүшпү деп аныктоого тийиш. Ирактыктардын даттануусу сотто үч күн бою угулат деп болжолдонууда. Британиянын Коргоо министрлиги бул ишти өз алдынча тергей баштаганын, ошон үчүн аны сотто кароонун кереги жок деп эсептээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG