Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Апрель окуясынын жабырлануучулары митингге чыгат


“Мекен шейиттери” бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Апрель окуясынын жабырлануучулары бүгүн Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышат. Алар Апрель окуясы боюнча сот ишинде айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан чыгарылышына, азыркы бийликтин айрым кадрдык дайындоолоруна жана электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча өкмөттүн чечимине нааразылыгын билдиришмекчи.

Ушул дүйшөмбүгө белгиленген сот айыпталуучулардын бири - Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрага орун басары Данияр Дунгановдун ооруканага жатып калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Дунганов өткөн аптада ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган эле.

2010-жылдын 7-апрелинде куралсыз элге ок аткан деген айып менен мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон отузга чукул киши соттолууда. Алардын ичинен камакта Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Нурлан Темирбаев гана отурат. Өлкөдөн качып кеткендери сыртынан соттолуп жатса, айрым айыпталуучулар ар кандай себеп менен үй камагына чыгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG