Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

БУУ Сириядагы кырдаал боюнча конференция өткөрөт


Конференция бүгүн Кувейтте башталат. Анда Сириядагы 700 миңге чукул качкынды турак жай менен камсыз кылуу үчүн 1 миллард долларга жакын каражат чогултуу маселелери талкууланат.

Ал ортодо Улуттар уюмунун жана Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими Сириядагы зордук-зобун чектен чыгып кеткенин эскертти. Анын айтымында, өкмөт да, козголоңчулар да ашкере мыкаачылыкка жол берип жатат. “Башар Асад дагы да болсо бийлигин сактап тура бериши мүмкүн, бирок бул өлкө биздин көз алдыбызда жок болуп баратат” деген Брахими БУУнун Коопсуздук кеңешин чара көрүүгө чакырды. Брахими мындай кайрылууну Алеппо шаарынын жанындагы дарыядан 65 адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган соң жасады.

Көтөрүлүшчүлөрдүн жана баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укугуна көз салчу борбордун билдиришинче, маркумдардын колдору артына байланып, башына же желкесине атып өлтүрүлгөн экен. Козголоңчулар бул адамдардын өлүмү үчүн Сирия өкмөтүн жоопкер деп аташты.

XS
SM
MD
LG